Nejlepší skladby od interpreta Gulnur Satylganova
Kredity
PERFORMING ARTISTS
Gulnur Satylganova
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Gulnur Satylganova
Songwriter
Texty
Сансыз жылдыз жайнаганда кеч түндө
Кеттиң, издейм сырым айтпай эч кимге
Асман турат бир жылдызы кем болуп
Сенсиз мага толук эмес эч дүйнө
Алыстабыз, өзүм жетпей, ой күлүк
Жайкы жамгыр басылганда тыйылып
Тышка чыгып, балким, терең дем алсам
Сенин демиң калар мага угулуп
Жамгыр төгүп турган кезде көнөктөп
Жаттың экен азыр деги нени эстеп?
Чыйрыкканда ойлодуңбу сен мени
Жылуу кийим алып, балким, келет деп?
Бүркөлгөндө асман кокус тунарып
Мени ойлоорсуң санаа басып, бууланып
Күн ачылса кабагың да ачылып
Күткөндүрсүң жолукчудай кубанып
Written by: Гульнур Сатылганова