Nabízeno v

Kredity

PERFORMING ARTISTS
Gulnur Satylganova
Gulnur Satylganova
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Gulnur Satylganova
Gulnur Satylganova
Composer

Texty

Жаштыкка жандырып сүйүү бизди
Жалынга ороп койду
Майрамдап жолуккан күнүбүздө
Арманды жолотпойлу
Тилегиң билгизип бери кара
Илебиң сезгим келет
Дүйнөдө издеген мени гана
Көздөрүң керек
Айды сен арнап бербе
Күндү сен кармап келбе
От сезимге толгон, таберик болгон
Таза сүйүү тартуула
Өзүңдөн бир гана суранычым
Көңүлдү оорутпайлы
Көзүңдөн төгүлгөн кубанычым
Калбасын болуп кайгы
Жалгыздап берилбей санаага да
Жанаша жүргүм келет
Сүйөм деп кагылган мага гана
Жүрөгүң керек
Айды сен арнап бербе
Күндү сен кармап келбе
От сезимге толгон, таберик болгон
Таза сүйүү тартуула
Ай, күндү батырган асманына
Махабат кымбат белек
Адашпай бактымды тапканыма
Ишенгим келет
Айды сен арнап бербе
Күндү сен кармап келбе
От сезимге толгон, таберик болгон
Таза сүйүү тартуула
Written by: Гульнур Сатылганова
instagramSharePathic_arrow_out