Kredity
PERFORMING ARTISTS
Темир Назаров
Lead Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Ырыскелди Осмонкулов
Songwriter
PRODUCTION & ENGINEERING
GMS music
Producer
Texty
Жаштыктын жазы болуп, Гүлбаржаным
Бир сенден күн нур болуп жалындадым
Нөшөрлүү ыр кайрыгым өзүң болуп
Махабат күүсүн термеп кумарландым, Гүлбаржаным
Гүлбаржаным о Гүлбаржаным
Гүлбаржаным о Гүлбаржаным
Гүлбаржаным о Гүлбаржаным
Гүлбаржаным о Гүлбаржаным
Көздөрүң балбыл жанып, чексиз сүйкүм
Сөз козгоп, ойлор сызды нечен түркүн
Ак пери калтар чачың улам тарап
Сезимге күүлөр төктү сенин күлкүң, Гүлбаржаным
Жаш сулуу, жаркын жүздүү, Гүлбаржаным
Эстесем, элес келет эмгек жалын
Жайнатып жаш өмүрдү жаштык чакта
Жашоомдо өзүң болдуң өмүр таңы, Гүлбаржаным!
Written by: Ырыскелди Осмонкулов