Nabízeno v

Kredity

PERFORMING ARTISTS
Toktobek Asanaliev
Toktobek Asanaliev
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Калмурат Рыскулов
Songwriter

Texty

Канатындай куштардын каштарыңа мен
Кундуз сымал капкара чачтарыңа мен
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр
Күйүп барам махабаттын аптабына мен ай аптабына мен
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып
Ашыгым ай, боло көр сен да мага ашык
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен
Келечекке баралы колду кармашып эй
Бирге жанашып, калбай адашып
Жүрөгүмдү эңсеткен сөздөрүңө мен
Балбал жанган чырактай көздөрүңө мен
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр
Жалгыз келем махабаттын өстөнүндө мен ай өстөнүндө мен
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып
Ашыгым ай, боло көр сен да мага ашык
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен
Келечекке баралы колду кармашып эй
Бирге жанашып, калбай адашып
Наристедей алпейим жүрөгүм менен
Сүттөй аппак, таптаза тилегим менен
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр
Сүйүп калсам мен эми күнөөлүү белем ай күнөөлүү белем
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып
Ашыгым ай, боло көр сен да мага ашык
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен
Келечекке баралы колду кармашып эй
Бирге жанашып, калбай адашып
Бирге жанашып
Written by: Калмурат Рыскулов
instagramSharePathic_arrow_out