Kredity
PERFORMING ARTISTS
Janar Turatova
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Алиев Чынгыз Альбертович
Songwriter
Chubak Sataev
Songwriter
Texty
Ушул дүйнө кең дүйнө да кең дүйнө
Телегейи тең дүйнө да тең дүйнө
Тең болсо да бул аалам
Бирөөлөргө бирөөлөр, болуп жаткан
Болуп жаткан, болуп жаткан эй жем дүйнө
Бирөө тартса муң-кайгы
Бирөө көрдү жыргалды
Жаратканым барсыңго
Бул дүйнөнү, бул дүйнөнү
Бул дүйнөнү баарына тең ий кылбайбы
Чындык дүйнө бар дүйнө да бар дүйнө
Бирөөлөргө тар дүйнө да тар дүйнө
Бакыт конгон адамга, ушул дүйнө шаң дүйнө
Сүйгөнүнө жетпегенге чиркин дүйнө ой зар дүйнө
Күйүп-күйүп, күл болом
Ичи тарды көргөндө
Көрсөм күйүп күл болом
Жакшы адамды бир арам
Жер алдына, жер алдына көмгөндө
Тирүүлүктө адамдар, адамдар
Алгаласын кадамдар, кадамдар
Арабыздан жок болсун, ичи бузук арамдар
Ач көз акмак, ач көз акмак, ач көз акмак эй сараңдар
Бакыт болсо, көппөйлү
Кайгы болсо, чөкпөйлү
Кагылайын адамзат
Өмүр өтүп баратат ай
Бул дүйнөдөн көңүл калып ий өтпөйлү
Бакыт болсо көппөйлү
Кайгы болсо чөкпөйлү
Кагылайын адамзат, өмүр өтүп баратат ай
Бул дүйнөдөн көңүл калып ий өтпөйлү
Written by: Алиев Чынгыз Альбертович, Чубак Сатаев