Texty
Акырындап баары иргелет
Акыреттик достор бир келет
Арттан жөлөп, күйгөн мен үчүн
Андай досту айтчы ким берет..?
Жыгылдым, кыйналдым, толгондум
Сыноосунда тагдыр жолдордун
Кеңеш айтып, тартып колумдан
Ошондо да бирге сен болдуң
Мен сени жакшы көрөм досум
Бул достукту Кудай колдосун!
Ортодогу таза мамиле
Кылымдарга чейин орносун ээй!
Өмүрдө биз эки канат
Биздин достук өчпөй сакталат
Достун досу сендей болот деп
Айткым келет талбай кайталап ээй!
Жаш кезден бекемдеп тамырын
Чын достукту курдук акырын
Бир нанды да тең бөлүп жеген
Мага кымбат сенин кадырың
Тиленем, суранам ар таңда
Токсон, жүзгө чыгып барганда
Майрамдарды чогуу белгилеп
Достугубуз өтсүн балдарга
Мен сени жакшы көрөм досум
Бул достукту Кудай колдосун!
Ортодогу таза мамиле
Кылымдарга чейин орносун ээй!
Өмүрдө биз эки канат
Биздин достук өчпөй сакталат
Достун досу сендей болот деп
Айткым келет талбай кайталап ээй!
Written by: Жылдызбек Турсунбаев, Нурлан Насип

