Texty
Көгүлтүр көлдүн бетинде
Кайыкта жүрдүк кечинде
Калкылдап сүзүп баратып
Каралдым дедиң эсимде
Кайыкта сүзүп баратып
Сүйөмүн дедиң эсимде
Кайыкта сүзүп баратып
Сүйөмүн дедиң эсимде
Кечээги күндөр эсимде
Келбедиң күттүм кечинде
Кайдасың, азыр кайдасың?
Элесиң турат эсимде
Кайдасың, азыр кайдасың?
Күтөмүн көлдүн жээгинде
Кайдасың, азыр кайдасың?
Күтөмүн көлдүн жээгинде
Көлүмдө сүйүү түптөлүп
Махабат бизге жүктөлүп
Ортомчу болду Ысык-Көл
Сүйүүгө бизге күч берип
Калкылдап сүзүп баратып
Каралдым дедиң эсимде
Кайыкта сүзүп баратып
Сүйөмүн дедиң эсимде
Written by: Расул Маматкулов