Hudební video

"Ностальгия" - Жазгүл Салидинова&Айзирек Абдирашитова| жаныыр2025/жаныклип/ретроыр
Sleduj "Ностальгия" - Жазгүл Салидинова&Айзирек Абдирашитова| жаныыр2025/жаныклип/ретроыр na YouTube

Nabízeno v

Kredity

PERFORMING ARTISTS
Salidinova Jazgul
Salidinova Jazgul
Performer
Айзирек Абдирашитова
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Кадыралы Артыков
Composer
Алмаш Чойбекова
Songwriter

Texty

Жыпарын бүркүп гүлдөрдүн
Жел келсе шибер ыргаган
Жыргалга бөлөп сезимди
Yнүңдү уксам ырдаган
Колуңа гүлдөн дестелеп
Көрүнө калсаң жылгадан
Э-э-эй, көбүртүп булак толкунун
О-о-ой, акагы акса шыңгырап
Билдирип жайлоо шоокумун
Сайраса торгой күү курап
Акырын сылап чачымдан
Ардагым десең эркелеп
Жылмая карап сүйкүмдүү
Жылкыга кетсем эртелеп
Боз жорго минип келатсам
Алдымдан чыксаң энтелеп
Э-э-эй, кызарса булут сүрүлүп
О-о-ой, кызылгат бышса күбүлүп
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн
Көбүргөн терсек, кымыздык терсек
Кымыздык терсек жүгүрүп
Чачылып жатса шүүдүрүм
Ак бермет болуп көктөмдө
Эрксизден мөлт деп төгүлсө
Экөөбүз басып өткөндө
Көңүлдү жүрөк эргитип
Күн нуру беттен өпкөндө
Э-э-эй, ак жамгыр төксө шорголоп
О-о-ой, арчага келсек корголоп
Кекилик учпай жем издеп
Азгырса бизди жорголоп
Written by: Алмаш Чойбекова, Кадыралы Артыков
instagramSharePathic_arrow_out