Nejlepší skladby od interpreta Мирбек Иманбеков
Podobné skladby
Kredity
PERFORMING ARTISTS
Мирбек Иманбеков
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Мирбек Иманбеков
Songwriter
Texty
Балам дейсиң көрбөй калсаң тартып санаа
Бактылуусуң караанымды көрүп гана
Бой жеткирип өстүрдүңүз асыл энем
Бал уйкуңду түн уйкуңду бөлүп мага
Билем ата бой жеткенче эркелегем
Билем ата үмүтүң чоң эми менден
Чоң ата бол бактылуу кары болуп
Балаңыздын балдарын жетелеген
"Садагам" деп мээримиңди төгүп мага
Кичинекей дале көрүп мени апа
Көңүлүңүз ачык болуп дүйнөң түгөл
Көлөкөмдү тээ алыстан көрүп гана
Жетилди эрке балаң эркелеген
Өзүңөрдү жазбай тартам ата-энем
Чоң ата бол бактылуу кары болуп
Балаңыздын балдарын жетелеген
Чоң эне бол бактылуу кары болуп
Балаңыздын балдарын жетелеген
Ойлономун силерди мен күндө-түндө
Ишенгиле силер дайым жүрөгүмдө
Ушул сөздү эч бир адам тана албайт
Бардыгынан ата кымбат бул дүйнөдө
Ушул сөздү эч бир адам тана албайт
Бардыгынан эне ыйык бул дүйнөдө
Written by: Мирбек Иманбеков