Nejlepší skladby od interpreta Dayir Ismadiarov
Kredity
PERFORMING ARTISTS
Dayir Ismadiarov
Performer
Зари
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Dayir Ismadiarov
Composer
Кудрет Тайчабаров
Songwriter
Texty
Жүрөккө жүрөк жанашканда
Коштойт кайгы да
Ак-кара да бирге жүргөндөй
Ишенбе сезим тунук дебе
Көздөр тумандайт
Ал бир гана сени сүйгөндөй
Жалган да, жалган да
Баш айлатса алданба
Алдайт сезим, тандайт сезим чалганда
Алданба, алданба!
Сүйүү нуру жалган да
Алдайт сезим, кармайт сезим алданба
Сүйүү керек, сезим керек
Тандай билсең бакыт берет
Сүйүү демек, узун кезек
Сабыры бар баарын жеңет
Бүт эле уккан жылуу сөздөр
Жүрөктөн чыкпайт
Тандай бил баарын сезгендей
Ак сүйүү келет сага айтпай
Ойдо жок кезде
Күтпөгөн жан белек бергендей
Жалган да, жалган да
Баш айлатса алданба
Алдайт сезим, тандайт сезим чалганда
Алданба, алданба!
Сүйүү нуру жалган да
Алдайт сезим, кармайт сезим алданба
Сүйүү керек, сезим керек
Тандай билсең бакыт берет
Сүйүү демек, узун кезек
Сабыры бар баарын жеңет
Жүрөккө айткан сөзүң жетпесе
Жолун табат махабат
Көөдөнгө жүк кадалат
Аппак сүйүү карарат
Сезим кетет жаралап
Сен алданба, такыр алданба
Сүйүү керек, сезим керек
Тандай билсең бакыт берет
Сүйүү демек, узун кезек
Сабыры бар баарын жеңет
Сүйүү керек, сезим керек
Тандай билсең бакыт берет
Сүйүү демек, узун кезек
Сабыры бар баарын жеңет
Written by: Дайыр Исмадияров, Кудрет Тайчабаров