Μουσικό βίντεο
Μουσικό βίντεο
Συντελεστές
PERFORMING ARTISTS
Съездбек Искеналиев
Lead Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Съездбек Искеналиев
Songwriter
PRODUCTION & ENGINEERING
GMS music
Producer
Στίχοι
Той күтүнүп ак жоолукчан
Бой жеткен белең билинбей
Келгин куштай колдон учкан
Кезинде кантем күйүнбөй
Таалайыңа талпынасың
Башынан дүйнө ушундай
Мөлт этсе да тамчы жашым
Бакыт жок ушул учурдай
Кайырма
Аруу кызым, ананайын
Жар болгунуң жакшыга
Балапансың мага дайым
Айлансаң да ак кууга
Сага берем ак батамды
Бактылуу бол, нур кызым
Кубандырып эне-атаңды
Тунук болсун турмушуң
Жарың менен дүйнө жаркын
Башыңа алтын куш конуп
Эркелегиң үйдө калсын
Жаңы үйгө баргын кут болуп
Атала көр, жакшы келин
Ак жоолук түшпөй башыңан
Билгизип да ак тилегим
Биринчи бийге чакырам
Кайырма
Written by: Съездбек Искеналиев


