Featured In

Credits

PERFORMING ARTISTS
Chyngyz Turdubekov
Chyngyz Turdubekov
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Замирбек Үсөнбаев
Composer
Барпы Алыкулов
Songwriter

Lyrics

Ар ким айтат сүйгөнүн
Акылына түйгөнүн
Ашык бир болуп жете албай да
Арасат күндө жүргөнүн
Мен да айтып берейин
Ашыглыктан бир сабак
Дак салдыңыз жүрөкө да
Дартизал гүзал ак тамак
Дүрдөөлү жаштын иши экен
Күсөдүм сүйүү чарбагын
Аманат жанга белек деп мен
Ашыглык гүлүн кармадым
Ана ошол гүлдү беришке мен
Гүзалдиң издеп баргамын
Булактан көрүп чак түштө мен
Булбулдай абаз салгамын
Көрдүм далай урууну
Кечтим дайраң улууну
Издеп бир келдим гүзал кыз да
Ышкыдар сендей сулууну
Тааныбайсың сен мени
Тарпи кылат эл сени
Таанышалы ушул жерден да
Тартиптүү гүзал кел бери
Кыйланы көрдүм кыдырып
Карасуу менен чарбактан
Каш кирпиги төгүлүп даң
Карасаң кумар таркаткан
Көкүрөкө өрт коюп даң
Көк жылдызын саматкан
Жана да көптү көрмөкмүн мен
Жаралган болсом канатчан
Кал калыңдан калыңдан
Кайкалап бүткөн далыңдан
Безеленген белиңден да
Беш талдап өргөн чачыңдан
Чачың көлдүн камышы
Өзүңүздү сурасам да
Эмгектүү элдин калысы
Сураганым себеби
Сүйбөй бир киши келеби
Сыпайының жайындаң а
Билбей бир киши келеби
Зыяда болсоң кулак сал сен
Зарымды угуп гүлүмдү ал
Керек болсо гүзал кыз сен
Көрө турган күнүмдү ал
Written by: Барпы Алыкулов, Замирбек Үсөнбаев
instagramSharePathic_arrow_out