Featured In

Credits

PERFORMING ARTISTS
Темир Назаров
Lead Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Т. Кожомбердиев
Songwriter
Ж. Кайыпов
Songwriter
PRODUCTION & ENGINEERING
GMS music
GMS music
Producer

Lyrics

Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка
Ак эмгекти актайын деп уулуңар
Билим үчүн түшкөн узак жарышка
Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып
Садагалап, караанымдан кагылып
Силер мени самагандай жол карап
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып
Силер анда, мен күнчөлүк алысмын
Заманамдан калбай келет жарышкым
Алпештеген, энем менен атакем
Экөөңөргө өмүр бою карызмын
Written by: Ж. Кайыпов, Т. Кожомбердиев
instagramSharePathic_arrow_out