Top Songs By Таалай Бектурганов
Similar Songs
Credits
PERFORMING ARTISTS
Таалай Бектурганов
Lead Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Таалай Бектурганов
Songwriter
PRODUCTION & ENGINEERING
GMS music
Producer
Lyrics
Тарбия бардыгына бирдей берет
Он бала болсун багат ата-эне
А бирок ошол ону биригишип биригишип
Багышпайт ата-энени эминеге
А бирок ошол ону биригишип биригишип
Багышпайт ата-энени эминеге
Кол созуп бир кездерде келе-келе
Келе бер, кармат мага өзүң жебе
Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө үй-жай күтсө
Унутат ата-энесин эминеге?
Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө үй-жай күтсө
Унутат ата-энесин эминеге?
Оокат таап адилеттүү эмгек менен
Адамдык сапатыңды тилеп келген
Ай ушул адам болуп кетсинчи деп кетсинчи деп
Ата-энең болчу өргө жетелеген
Ай ушул адам болуп кетсинчи деп кетсинчи деп
Ата-энең болчу өргө жетелеген
Көрүнүп эл көзүнө коройгондон
Бой болсо ак теректей соройгондо
Карабай атасына, энесине,энесине
Кай мерез басып кетет чоңойгондо
Карабай атасына, энесине,энесине
Кай мерез басып кетет чоңойгондо
Турмуш оор жүз каталык кеткен күндө
Ойло дос, жаңылыштык кылып жүрбө
Билсеңер ата-эненин милдетинен
Кутула албайсың ар тирүү күндө
Билсеңер ата-эненин милдетинен
Кутула албайсың ар тирүү күндө
Туурдан учурганын унут койбой
Адамдык сапатыңды астиң ойло
Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан
Көргөндө өкүнбө гүн ушуну ойлон
Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан
Көргөндө өкүнбө гүн ушуну ойлон
Written by: Таалай Бектурганов