Top Songs By Toktobek Asanaliev
Credits
PERFORMING ARTISTS
Toktobek Asanaliev
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Камчыбек Букалаев
Composer
Шайлообек Дүйшеев
Songwriter
Lyrics
Жоодурап чыгыш тараптан
Жоогазын жыттуу таң аткан
Жол бойлоп жүрүп Жолдубай
Жомоктон түшүп адашкан
Жол бойлоп жүрүп Жолдубай
Жомоктон түшүп адашкан
Кылгырып чыгыш тараптан
Кымыздык жыттуу таң аткан
Кыялап жүрүп Жолдубай
Кыялдан түшүп адашкан
Кыялап жүрүп Жолдубай
Кыялдан түшүп адашкан
Канатын күүлөп аскасы
Каякка учту ак казы
Кадыры кымбат уул берген
Кандай жер элең, Ат-Башым
Кадыры кымбат уул берген
Кандай жер элең, Ат-Башым
Кылкылдап ырдын кемеси
Кыргызда калды элеси
Талантын эми жоготпой
Тарыхка сактайт эл өзү
Талантын эми жоготпой
Тарыхка сактайт эл өзү
Канатын күүлөп аскасы
Каяка учту ак казы
Кадыры кымбат уул берген
Кандай жер элең, Ат-Башым
Кадыры кымбат уул берген
Кандай жер элең, Ат-Башым
Жол бойлоп булут ашуу да
Жоогазын гүлүн аччу да
Жумакем болуп аткан таң
Жолдубай болуп батууда
Жумакем болуп аткан таң
Жолдубай болуп батууда
Канатың күүлөп аскасы
Каякка учту ак казы
Кадыры кымбат уул берген
Кандай жер элең, Ат-Башым
Кадыры кымбат уул берген
Кандай жер элең, Ат-Башым
Кадыры кымбат уул берген
Кандай жер элең, Ат-Башым
Written by: Камчыбек Букалаев, Шайлообек Дүйшеев