album cover
Иллюзия
2,917
Pop
Иллюзия was released on November 8, 2024 by Infinity Music as a part of the album Иллюзия - Single
album cover
Release DateNovember 8, 2024
LabelInfinity Music
Melodicness
Acousticness
Valence
Danceability
Energy
BPM94

Music Video

Music Video

Lyrics

Телефондон башталат, сагына
Ар бир аткан таңың сенин дайыма
Жүрөкчөлөр ташталат, жабыла
Instagram, TikTokтун баары жарыла
Бирок бакыт, андай эмес
Жасалма жалган жашоонун манызы
Ал бир элес, ал бир элес
Иллюзия - сүрөттөрдөн жаралган
Түрдүү кыял
Карегиң менен сенин тең айланган
Сүрөттөрдөн куралган - иллюзия
Мунун баары жалган, бул - иллюзия!
Дагы деле сезе элек, келем күтүп
Тааныштырган бизди жазга багына
Достук деген мамиле, эбак бүтүп
Айланган азыр махабат сазына
Бирок бакыт, андай эмес
Күлүп түшкөн сүрөттөрдүн жаңысы
Ал бир элес, ал бир элес
Иллюзия - сүрөттөрдөн жаралган
Түрдүү кыял
Карегиң менен сенин тең айланган
Сүрөттөрдөн куралган - иллюзия
Мунун баары жалган, бул - иллюзия!
Бүгүн, эртең, кечинде
Бул сүрөттүн четинде
Жүрөкчөлөр миллион
Керек эмес алар эч кимге!
Алар сага тең эмес
Азгырылган сен эмес
Ал болгону бир элес!
Иллюзия - сүрөттөрдөн жаралган
Иллюзия - карегиң менен сенин тең айланган
Сүрөттөрдөн куралган - иллюзия
Мунун баары жалган, бул - иллюзия!
Мунун баары жалган, бул - иллюзия!
Written by: Мирбек Атабеков, Урмат Усенов
instagramSharePathic_arrow_out􀆄 copy􀐅􀋲

Loading...