Créditos
ARTISTAS INTÉRPRETES
Темир Назаров
Voz principal
COMPOSICIÓN Y LETRA
Керим Турапов
Letrista
PRODUCCIÓN E INGENIERÍA
GMS music
Producción
Letra
Кылымдардан кылым карытып
Кызыл-Суунун суусу агылып
Бал жыттанган таттуу кымыздай
Туулган жердин суусун сагындым
Жүрсөм дагы алыс араңан
Ата Журтум кетпейт санаамдан
Акыл айтып, асыл кеп айткан
Аталардын кебин сагынам
Сары Ой менен Көк Ой тоосунан
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган
Ышкын терип асказоосунан
Жүргөн күнүм эстеп сагынам
Жылаңайлак, чырпык ат минип
Жылгалардан тунук суу кечип
Балтырымды тилип караган
Балалыгым эстеп сагынам
КоңурДөбө жайлоо жашыл төр
Коңур желдүү, салкын, асыл жер
Кокту, белес, күнгөй тескейден
Кой кайтарган күнүм сагынам
Түндүгүнөн түтүн булатып
Апам жапкан нанды сагынам
Үйүр-үйүр жылкы айдаган
Атам жүргөн жерди сагынам
Үйүр-үйүр жылкы айдаган
Атам жүргөн жерди сагынам
Ата Журтум эстеп сагынам
Балалыгым эстеп сагынам
Written by: Керим Турапов