Video musical

Гулжигит Сатыбеков - (ремикс) Кетеличи АКСЫГА ⭐️| #Kyrgyz Music
Mira Гулжигит Сатыбеков - (ремикс) Кетеличи АКСЫГА  ⭐️| #Kyrgyz Music en YouTube

Incluido en

Créditos

ARTISTAS INTÉRPRETES
Gulzhigit Satibekov
Gulzhigit Satibekov
Voz principal
COMPOSICIÓN Y LETRA
Gulzhigit Satibekov
Gulzhigit Satibekov
Letrista
PRODUCCIÓN E INGENIERÍA
GMS music
GMS music
Producción

Letra

Сары-Челек көлдүн боюнда
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Бирге отурсак арман жок эле
Канат күүлөп калкып турам
Чоң бакытка балкып турам
Кээде түшүп сүйүү жалынга
Жан дүйнөмө батпай келет
Эмне дешти таппай келем
Бизди кошкон ушул тагдырга
Тагдыр берген энчим менин
Элжиретип эзбе мени
Жаралдыңбы менин бактыма?
Токою бай, жер-жемиши
Асыл жери, жер бейиши
Жүрчү, жүрчү кеттик Аксыга
Сары-Челек көлдүн боюнда
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле
Элинин да пейили сонун да
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле
Кашка-Суунун суусун кечип
Бозбу-Атанын гүлүн терип
Оюн салсак кечки адырда
Жан кейиткен жамандардан
Тажап бүттүм ушактардан
Кетеличи жүрчү айылга
Сары-Челек көлдүн боюнда
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле
Элинин да пейили сонун да
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле
Бир карысак арман жок эле
Written by: Gulzhigit Satybekov
instagramSharePathic_arrow_out