Video musical

Токтобек Асаналиев - Кимге айтам (Official Audio)
Mira Токтобек Асаналиев - Кимге айтам (Official Audio) en YouTube

Incluido en

Créditos

ARTISTAS INTÉRPRETES
Токтобек Асаналиев
Intérprete
COMPOSICIÓN Y LETRA
Абдылас Малдыбаев
Composición
Аалы Токомбаев
Letrista

Letra

Ойлодуң бекен, ой селки, ой селки
Ойготуп кеттиң түшүмдөн
Ойногон болуп эркелеп
Өпкөндөй болдуң жүзүмдөн
Оолактан көрүп сен мени
Окшоттуң бекен түшүңдө
Көзүмдү эле ачып карасам, карасам
Көрүнбөйт менин айланам
Көмүрдөй кара чачыңа
Көңүлүм менен байланам
Көпөлөк менмин, сен чырак
Көкөлөп сага айланам
Өкүнүп күндүз байкасам, байкасам
Өбөктөп жатам күн кайдан
Өксүтпөй бизди кошкун деп
Өтпөстөй күткөн күнгө айтам
Өчөшкөн жандай тил катпай
Өзүңдөн башка кимге айтам?
Өчөшкөн жандай тил катпай
Өзүңдөн башка кимге айтам?
Written by: Аалы Токомбаев, Абдылас Малдыбаев
instagramSharePathic_arrow_out