Incluido en

Créditos

ARTISTAS INTÉRPRETES
Гульназ Чыныбек кызы
Intérprete
COMPOSICIÓN Y LETRA
Болтабой Шодиев
Letrista

Letra

Бар дүйнөнүн баарынан качып
Баратамын өзүңө шашып
Тосуп алчы кучагың ачып
Апа сени көргөнү келдим
Бүтпөйт экен тирүүлүктө иш
Көздү жумуп ачкыча күз кыш
Мээримиңе миң ирет алкыш
Апа сени көргөнү келдим
Апа..Апа..Апа…сени көргөнү келдим
Бул өмүрдө баарысы жалган
Жүз каалоонун токсону арман
Менде убакыт сенде жок дарман
Апа сени көргөнү келдим
Түйшүк тартпа керек эмес чай
Өзүң барда көңүлдө жаз жай
Кызың чексиз бактылуу да бай
Апа сени көргөнү келдим
Апа..Апа..Апа…сени көргөнү келдим
Жолум тосуп кел кызым дейсиң
Жакшыларга эл болгун дейсиң
Акылманым көлдөй го пейилиң
Апа сени көргөнү келдим
Сен гүлзарым сенсиң жакыным
Күндө келүү парзым асылым
Башымды ийип таазим кыламын
Апа сени көргөнү келдим
Апа..Апа..Апа…сени көргөнү келдим
Апа..Апа..Апоу…сени көргөнү келдим
Written by: Болтабой Шодиев
instagramSharePathic_arrow_out