Clip vidéo

Кыргызымдын жигиттери - Чолпон Талипбек
Regardez Кыргызымдын жигиттери - Чолпон Талипбек sur YouTube

Apparaît dans

Crédits

INTERPRÉTATION
Чолпон Талипбек
Чолпон Талипбек
Interprète
COMPOSITION ET PAROLES
Чолпон Талипбек
Чолпон Талипбек
Paroles/Composition

Paroles

Ала качып, ала качып
Аргымактар арыш керет
Азанатып, азанатып
Азаматтар намыска бек
Шамдай жанып алышып
Шамал менен жарышып
Жүзүн сүртүп булутка
Жүрөгү - от, каны ысык
Ала-Тоону бел кылып
Ата Журтту дем кылып
Абалтадан шок болот
Алоолонгон от болот
А болбосо жок болот
Кыргызымдын жигиттери!
Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп
Жердин үстүн тулпар келет
Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп
Дүйнө жүзүн шумкар келет
Кымыңдашат кыргыздар
Жымыңдашат жылдыздар
Ал анткени алардын
Арасында Чыңгыз бар
Аалам кезет жомоктой
Ак калпагын жоготпой
Акыл-эсин камчылап
Аккуладай алкынат
Ай-жылдызга талпынат
Кыргызымдын жигиттери!
Учту мына, учту мына
Айчүрөкпү же ак куубу?
Шукшурула, шукшурула
Жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улам
Жакындады боз улан
Ана жетти, жетти, жетти
Бек кучактап кетти, кетти, кетти
Ак сүйүүгө бек болот
Ак достукка чеп болот
Кызыл гүлүң соолбосун
Кыдыр болуп жолдошуң
Кыраан Манас колдосун
Кыргызымдын жигиттери!
Written by: Чолпон Талипбекова
instagramSharePathic_arrow_out