Paroles

Күттүм сени жолуң карап
Күттүм сени келет деп
Саамайыңды желге тарап
Жалгыз турдум сени эстеп
Күттүм сени күндөп - түндөп
Күттүм сени сагынып
Келет деген үмүт менен
Турам зарыгып
Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла
Таш беле кыздардын жүрөгү?
Ансайын көрсөм деп эңсеткен
Ак сүйүүм бир гана сен деген
Жоодурап көздөрүң элестеп
Жолуңдан күтөмүн кетпестен
Күттүм сени күн өтсө да
Күттүм көңүл калбастан
Үмүтүмдү үзө албай
Максатымдан танбастан
Күттүм сени, күтө берем
Жашоо сенсиз жалгандай
Жалгыз гана күтүү үчүн
Жаралып мен калгандай
Мен убакыт санап
Жолуңду карап
Күндөрүм күтүүдөн жүдөдү
Ансайын көрсөм деп эңсеткен
Ак сүйүүм бир гана сен деген
Жоодурап көздөрүң элестеп
Жолуңдан күтөмүн кетпестен
Көргүм келет сенин кара көздөрүңдү
Айткым келет сагынычка толо сөзүмдү
Жүрөгүмдө сен, ойлорумда сен
Дагы эле күтөм өзүңдү
Көргүм келет сенин кара көздөрүңдү
Айткым келет сагынычка толо сөзүмдү
Жүрөгүмдө сен, ойлорумда сен
Дагы эле күтөм өзүңдү
Ансайын көрсөм деп эңсеткен
Ак сүйүүм бир гана сен деген
Жоодурап көздөрүң элестеп
Жолуңдан күтөмүн кетпестен
Ансайын көрсөм деп эңсеткен
Ак сүйүүм бир гана сен деген
Жоодурап көздөрүң элестеп
Жолуңдан күтөмүн кетпестен
Жоодурап көздөрүң элестеп
Жолуңдан күтөмүн кетпестен
Written by: Гулмира Рысбаева, Камбар Календаров
instagramSharePathic_arrow_out

Loading...