Crédits
INTERPRÉTATION
Алмаз Шаадаев
Interprète
COMPOSITION ET PAROLES
Чынгыз Турдубеков
Paroles/Composition
Paroles
Көңүлгө да көңүл тушалып
Көрүшпөс болуп узадык
Көөдөндө калды, а бирок ай
Көксөткөн санаа, кусалык
Байыр алып, жашап башкага
Баш ийип басып наздана
Бактылуу кылып башканы сен
Бактылуу болдуң аз гана
Сагынчым, кантип сезбейсиң
Сезесиң, сен да эстейсиң
Томогоңду үзүп бир ирет
Анда неге келип кетпейсиң?
Агарып таңдын атканы
Кызарып күндүн батканы
Кызыксыз мага өмүрдүн
Өзүңсүз өтүп жатканы
Written by: Чынгыз Турдубеков