में प्रस्तुत

क्रेडिट्स

PERFORMING ARTISTS
Chyngyz Turdubekov
Chyngyz Turdubekov
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Chyngyz Turdubekov
Chyngyz Turdubekov
Songwriter

गाने

Бул дүйнө чындап жалганбы апа
Үйрөтчү элең чындыкты гана
Көрсө адамдар такшалган тура
Куулукту билбей кыйналдым канча
Колунда барга жакшы көрүнүп
Дарманы жокту түртүп сөгүнүп
Э адам чындык пейилиң кайда
Көрүп чыдабайм жашым төгүлүп
Кошомат кылып бардар адамга
Керек да эмес бергениң ага
Ошондон көрө байкушка кылсаң
Тоюп калбайбы кардысы канча
Адам адамды жеген заманбы
Адамдык сапат эстен чыкканбы
Бир башы үчүн өзгөнү кордоп
Өзүмчүл болуп катып калганбы
Кедери кетип чиренет баары
Акылдуу болуп карыдан жашы
Күн чыккан жердин тескейи болуп
Кубулуп түрлүү жашап калганбы
Чалынып калсаң шылдыңдап күлүп
Турайын десең үстүңдөн түртүп
Текеберчилик башкарып баарын
Ак көңүлдүгүң бечара көрүп
Ылгабай баарын адал арамды
Кылаарын кылып шылтап заманды
Акча дегенде өзүн жоготуп
Алдап бир бирин өлүп барабы
Зээни кейибей адам өлсө да
Темирдей болуп жүрөк капкара
Эмнени кылсаң эки эсе кылып
Жооп берээр күн бар жашоо тараза
Уюмдар чыкты бузуп ааламды
Башын айлантып таза адамды
Сыйынып отко ташка жансызга
Унутуп жарык берген Кудайды
Баарын туура деп ар бир тарапты
Чындыкты айтпай колдоп жалганды
Аалымдарыбыз сыйлаш ордуна
Башкасы бүтүп жабып жаланы
Кыз кейпин кийген эркек каптады
Кайда эр жүрөк Манас урпагы
Кыздары бүтүн кетип ыймандан
Курманжан эне унутулганбы
Оңололучу келчи тууганым
Угуп койбостон ушунун баарын
Канча жашасак эмне болсок да
Адам атын эй сактап калалы
Канча жашасак эмне болсок да
Адам атын эй сактап калалы
Written by: Чынгыз Турдубеков
instagramSharePathic_arrow_out