इसी प्रकार के गाने
क्रेडिट्स
PERFORMING ARTISTS
Бек Борбиев
Lead Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Бек Борбиев
Songwriter
PRODUCTION & ENGINEERING
GMS music
Producer
गाने
Көп элес өчпөстөн эсте баары
Көңүлдүн калса да бөксө жагы
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Мезгилдер карматпай өтсө дагы
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Мезгилдер карматпай өтсө дагы
Жүрөктүн буйругу башкачабы
Жүрсө да тагдырдын канча тагы
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Жашынып жаштыгым калса дагы
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Жашынып жаштыгым калса дагы
Өлчөмдүү бул өмүр тура кыска
Өткөнгө өкүнүч кылабыз да
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Баладай багынбай убакытка
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Баладай багынбай убакытка
Жыргатпай бул турмуш сонунуна
Жылдарды койсо да орунуна
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Тумардай тагынып моюнума
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Тумардай тагынып моюнума
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Мезгилдер карматпай өтсө дагы
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Мезгилдер карматпай өтсө дагы
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Жашынып жаштыгым калса дагы
Мен сени сагынган бойдон жүрөм
Writer(s): бек борбиев
Lyrics powered by www.musixmatch.com