क्रेडिट्स

PERFORMING ARTISTS
Toktobek Asanaliev
Toktobek Asanaliev
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Айбек Карымов
Composer
Меңди Мамазаирова
Songwriter

गाने

Ызгаарлардан сактаган кыргыз жанын
Күн тегерек кийиз үйүм касиети
Түндүгүнөн жылдыз жааган аткан таңы
Уландырып келатат тирүүлүгүн
Кыргыз эне колунан бүткөн дүйнө
Кантип келдиң кыярбай ушул күнгө
Күн тирегин батырган жибек жүнгө
Купуя сыр баяны кийиз дүйнө, кийиз дүйнө
Сүйүү баскан ак-кызыл гүлдөрүнө
Сулуулугун кошо берген түрлөрүнө
Табышмагы түгөнгүс кыргыз элдин
Тарых жазган кийиздин бүктөмүнө
Кыргыз эне колунан бүткөн кийиз дүйнө
Кантип келдиң кыярбай ушул күнгө
Күн тирегин батырган жибек жүнгө
Купуя сыр баяны кийиз дүйнө, кийиз дүйнө
Сугу түшүп көргөндөр көркөмүнө
Сонуркашат ай тегерек боз үйүнө
Сени көргөн баяныңа кызыгышат
Жибек жүндөн куралган кийиз дүйнө
Кыргыз эне колунан бүткөн дүйнө
Кантип келдиң кыярбай ушул күнгө
Күн тирегин батырган жибек жүнгө
Купуя сыр баяны кийиз дүйнө, кийиз дүйнө
Кыргыз эне колунан бүткөн дүйнө
Кантип келдиң кыярбай ушул күнгө
Күн тирегин батырган жибек жүнгө
Купуя сыр баяны кийиз дүйнө, кийиз дүйнө
Күн тирегин батырган жибек жүнгө
Купуя сыр баяны кийиз дүйнө, кийиз дүйнө
Written by: Айбек Карымов, Меңди Мамазаирова
instagramSharePathic_arrow_out