क्रेडिट्स
PERFORMING ARTISTS
Канди
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Кубанычбеков Бактияр
Songwriter
PRODUCTION & ENGINEERING
Кубанычбеков Бактияр
Producer
गाने
Мени алоолонтуп ойноттуң
Ойлорумда кайра бойлодуң
Өз ишиңди такыр койбодуң
Сени эстеп түнү ойгондум
Өчкөн чокту тутантып
Элесиң кетпей турду
Карегимди кубантып
Сени алыс учурбай
Бөпөлөтүп улантып
Кармап калсам өзгөрөөр беле?
Дүйнөм бакытка толоор беле?
Сени кайра мен издей берем
Бакчада гүлдөр терем, терем
Терең сезимдерим
Көздөрүмдө катылса керек
Жазыш үчүн мен издейм себеп
Жаан басылбай үстүмөн себет, себет
Сүйүүң керек, сага келем
Мага жылмаю күлкүң - белек
Акпы-көкпү? Же кызылбы көйнөгүң?
Канча өттү, бирок сени көрбөдүм
Элесимде турат сенин көздөрүң
Көргөн сайын, кете берем өзгөрүп
Сени издейм, гүлзарынан жерлердин
Кечке тиктейм, тизмегинен элдердин
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң
А мен сени издөө үчүн келгенмин
Сени кайра мен издей берем
Бакчада гүлдөр терем, терем
Терең сезимдерим
Көздөрүмдө катылса керек
Жазыш үчүн мен издейм себеп
Жаан басылбай үстүмөн себет, себет
Сүйүүң керек, сага келем
Мага жылмаю күлкүң - белек
Канча бастым көчөлөрдү аралап
Сендей пери бир кылымда жаралат
Жүрөктөрдү жаралап
А мен жүрөм талаалап
Сени таппай кайгырып
Эми калдым карайлап (ммм)
Кайгыга баттым
Күн нурун жапты
Алыстарга качты
Түнү ойго баттым
Жаңы саптар ойлоп
Бул ырымды жаздым сага
Сени кайра мен издей берем
Бакчада гүлдөр терем, терем
Терең сезимдерим
Көздөрүмдө катылса керек
Жазыш үчүн мен издейм себеп
Жаан басылбай үстүмөн себет, себет
Сүйүүң керек, сага келем
Мага жылмаю күлкүң - белек
Written by: Кубанычбеков Бактияр