में प्रस्तुत

क्रेडिट्स

PERFORMING ARTISTS
Урмат
Performer
Неля
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Zarlyk Kambaraliev
Zarlyk Kambaraliev
Songwriter

गाने

Кошкон жарым дайыма
Ынак болсо жакшы экен
Кээде түшсө көңүлүң
Сурап койсо жакшы экен
Үмүтүмө үмүтүн
Улап койсо жакшы экен
Жакшы экен
Капалыкты көзүңдөн
Көрүп турса жакшы экен
Жакыным деп көңүлүң
Бөлүп турса жакшы экен
Жүрөгүмдү жүрөгүң
Сезип турса жакшы экен
Жакшы экен
Сүйгөн жарың эң керек
Абаң болсо жакшы экен
Ооруп турса жүрөгүң
Дабаң болсо жакшы экен
Жандап жүргөн жаныңда
Караан болсо жакшы экен
Жакшы экен
Кабак чытып бүркөбөй
Күлүп турса жакшы экен
Түбөлүктүү жарым деп
Сүйүп турса жакшы экен
Жарык болуп өмүрдө
Күйүп турса жакшы экен
Жакшы экен
Минтип турса түгөйүң
Барктап алуу кеп бекен
Сүйүү арнап сый менен
Жандап алуу кеп бекен
Мындай жарды аялзат
Сактап алат бепбекем
Written by: Зарлык Камбаралиев
instagramSharePathic_arrow_out