Chyngyz Turdubekov के शीर्ष गीत
क्रेडिट्स
PERFORMING ARTISTS
Чыңгыз Турдубеков
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Чыңгыз Турдубеков
Songwriter
गाने
Жаратып бизди өмүр тартуулап
Кандай керемет жашоо бергениң
Айды да күндү асманды жерди
Ааламдын бүткүл баарын бергениң
Раазымын сага чексиз Жараткан
Татыктуу жашап өтөлү деймин
Пенделик кылып жаңылсак жолдон
Кечиргин бизди ошол тилегим
Ар бир пендеге канча жашасак
Татыктуу өмүр жашоону бергин
Жаман жолдордон бир өзүң сактап
Жүрөгүбүзгө ыйманды бергин
Денсоолугубуз өмүрүбүзгө
Чыңдыкты жана бекемдик бергин
Убакытыбыз ар бир өтүшүн
Пайдалуу кылып береке бергин
Эркек аялга баарына бирдей
Түбөлүк бакыт ийгилик бергин
Үй бүлө күтүп балалуу болуп
Денсоолугу чың перзентти бергин
Адал эмгекти, адал иштерди
Ырыскыбызга береке бергин
Боорукерликти жакшы мүнөздү
Ниетибиздин түзүнөн бергин
Балдардын көрүп жакшылыктарын
Дени сак болсун ата энебиздин
Улгайган кезде урмат сый көрүп
Карылык бакыт ырысты бергин
Кыргыз элибиз куттуу жерибиз
Өнүгүп өссүн амандык бергин
Акыркы күнгө чейин сакталып
Алгалап туубуз желбирей берсин
Ааламда жерде мейкиндик болуп
Бүткүл дүйнөгө тынччылык бергин
Кабыл кыл ушул тилектеримди
Эки дүйнөлүк бакытты бергин
Written by: Чыңгыз Турдубеков