में प्रस्तुत

क्रेडिट्स

PERFORMING ARTISTS
Султан Садыралиев
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Жумабек Уулу Нурболот
Composer
Акжол Канатбек уулу
Songwriter

गाने

Сен барда баары кулпурат
Гүлдөр да сага умтулат
Аларга сезилесиң бакыттай
Сен менен дүйнө жылмайат
Теребел тегиз нурданат
Табият дагы сага ашыктай
Мага окшоп ал да сага ашыктай
Эй, жароокер уялынкым
Жан биргем ынагымсың
Жылт эткен жылдыздай көрсөм деп эңсеткен
Жүрөктү эң назик арзууга терметкен
Сен менин кубулжуган ырларымсың
Сен мага кубат берген жыргалымсың
Өзүңдү көрсөм, кубанам
Кубанбай кантип тура алам
Мен күткөн асыл адам сен болсоң
Эрүүгө чындап толмокмун
Мен эң бактылуу болмокмун
Эгерде өзүң мага тең болсоң
Түбөлүк өмүр жарым сен болсоң
Ак шоолам алтын айым
Мен кантип жашырайын
Бүркөлгөн кабакты жаркыган жаз кылган
Бүтпөгөн махабат дастанын жаздырган
Нур чачкан жан дүйнөмө асыл айым
Шооланды өмүрүмө чачылайын
Ак шоолам алтын айым
Мен кантип жашырайын
Бүркөлгөн кабакты жаркыган жаз кылган
Бүтпөгөн махабат дастанын жаздырган
Нур чачкан жан дүйнөмө асыл айым
Шооланды өмүрүмө чачылайын
Written by: Акжол Канатбек уулу, Жумабек Уулу Нурболот
instagramSharePathic_arrow_out