Бекбол Бакыт уулу के शीर्ष गीत
इसी प्रकार के गाने
क्रेडिट्स
PERFORMING ARTISTS
Bekbol Bakyt uulu
Performer
Зарлык Камбаралиев
Background Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Тариел Аманов
Composer
PRODUCTION & ENGINEERING
Алтынбек Сооров
Mastering Engineer
गाने
Салкын жел беттен сылап
Бийикте булуттар четтен жылат
Күз айлары келип жеткен убак
Айлана тунжурап
Бүгүн булуттун көўүлү чөктү
Билбеймин сен үчүн азбы-көппү
Өзүңсүз туп-туура бир жыл өттү
Биз жактырган алма бак гүлүн төктү
Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап
Ыр жазууга жүрөк чиркин тынбай умтулат
Аккардеон коштоосунда мен кыялымда
Бийге тартам сени
А, сен болсо азыр кучагында кимдердин
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып
Ким жүрөт эми
Арманым ичке батпай
Айласыз изденип, бирок таппай
Түндөр узарып, таңдар атпай
Убакыт барат жай
Ойлосом, ишенбеймин
Өңүм эмес түш болсочу деймин
Өзүңсүз кантеримди билбеймин
Сагынып, сага карай жол издеймин
Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап
Ыр жазууга жүрөк чиркин тынбай умтулат
Аккардеон коштоосунда мен кыялымда
Бийге тартам сени
А, сен болсо азыр кучагында кимдердин
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып
Ким жүрөт эми
А, сен болсо азыр кучагында кимдердин
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып
Ким жүрөт эми
Ким жүрөт эми
Written by: Тариел Аманов