Lirik
Тагдырга ишенип дайым
Издедим жүрөгүмдүн сезим сырларын
Ачтың го жан дүйнөмдүн, суйуумдун, махабат ырларын
Махабат табышмак гүлбү
Жыттасаң уйкуң келип жүрөбү
Жарым деп сүйүүнү, көңүлдү, арнашып өмүр сүрөлү
О-о-о таптым мен сени
Күттүңбү мени
Издеген бактым эми келдиңби
О-о-о махабат гүлүн
Сунайын бүгүн
Арнайын сүйүүмдү жалгыз сен үчүн
Көзүңдү тиктесем дайым
Ишенем түбөлүккө сүйүү жанарын
Алтыным деп, сүйүүм деп, жөжөм деп, эркелетин жаным
Эркелеп турсаң жанымда
Болоюн башка эмес өз кучагыңда
Көздөрүм алданбайт ак сүйүүм
Махабатым баарында
О-о-о таптым мен сени
Күттүңбү мени
Издеген бактым эми келдиңби
О-о-о махабат гүлүн
Сунайын бүгүн
Арнайын сүйүүмдү жалгыз сен үчүн
О-о-о таптым мен сени
Күттүңбү мени
Издеген бактым эми келдиңби
О-о-о махабат гүлүн
Сунайын бүгүн
Арнайын сүйүүмдү жалгыз сен үчүн
Written by: Нурс Сыртбаев