Video Musik

Dari

COMPOSITION & LYRICS
Zere Asylbek kyzy
Zere Asylbek kyzy
Songwriter
Chagaldak Zamirbekov
Chagaldak Zamirbekov
Songwriter
Darina Manasbek
Darina Manasbek
Songwriter
Shabdan Demisinov
Shabdan Demisinov
Songwriter
Zuura Baisalova
Zuura Baisalova
Songwriter
Jibek Maadanbekova
Jibek Maadanbekova
Songwriter
Marcos Cisneros
Marcos Cisneros
Songwriter

Lirik

Бала кезде каникулду бир жайы Нарында Бир жайы Жалал-Абадда өткөрөт элем Азыр эстесем, Жалал-Абадда таенемдин үйүнүн астында Аябай чоң жаңгак бак бар болчу А мен өзүм жаңгакты аябай жакшы көрөм Ошол жерден өткөн сайын эле жегим келе берет Анан, бир жолу, атам экөөбүз басып баратканда Атама айттым да Ата, мага тээтиги жаңгактан бирөөнү үзүп бериңизчи Аябай жегим келип атат Кызым, бул азыр болбойт да Быша элекпи? Быша элек, кызым, карасаң, дагы деле жапжашыл А бирок күзүндө кайра келгенде жыргайсың Мына ошондо жыргайсың А бирок биз баралбай калдык күзүндө Мен ошондо бираз өкүнгөм Көрсө, жашоонун кээбир күндөрү Ойлогондой болбойт тура Балким мен ошондон бери кыялдарымды абайлап курам Кыял абайлап курам Апам өзү тарыхчы Анан кичүү кезимде дайыма ар кандай Тарыхый инсандар жөнүндө айтып бере берет эле Курманжан Датканы аябай көп айтат эле Курманжан Датка - даткалардын арасындагы Эң биринчи аял болгон Өтө күчтүү, өтө акылдуу аял болгон Анан мен кыялдана берет элем Бир күнү, мен чоңойгондо, апам мен жөнүндө дагы Ушинтип суктанып, сыймыктанып айтып берсе Мен дагы Курманжан Даткадай күчтүү, акылдуу аял болом Боло аламбы? Боло бер, кызым, боло бер, каалаганыңдай болгунуң А бирок азыр сабагыңды жакшылап окугунуң Тарыхты окугунуң А бирок Курманжан Датканын тышында Жазылбай калыптыр тарыхта Көрсө аялдын көбүнчөсү датка боло албай калат тура Балким мен ошондон бери кыялдарымды абайлап курам Кыял абайлап курам Ушунчалык шаштым чоңойо албай Шашкан бойдон калдым кайра кайталбай Келдикпи, акыры? Жеттикпи? Ой Ушунчалык шаштым чоңойо албай Шашкан бойдон калдым кайра кайталбай Келдикпи, акыры? Жеттикпи? Ой Келдик акыры жетип келдик Акыры жетип келдик Акыры жетип келдик акыры
Writer(s): Zere Asylbek Kyzy Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out