Lirik
Алалуу жылкы элде бар
Ашыктык милдет сенде бар
Армандуу болдум жете албай
Үкөйүм, аз милдетиң менде бар
Кулалуу жылкы элде бар
Курдаштык милдет сенде бар
Кусадар болдум жете албай
Үкөйүм куп милдетиң менде бар
Алтындан чачпак сооруңда
Айтканың турат да оюмда
Алтынга окшош да Үкөйүм
Ай тийген тоонун боорунда
Күмүштөн чачпак сооруңда
Күлгөнүң турат да оюмда
Күмүшкө окшош да Үкөйүм
Күн тийген тоонун боорунда
Written by: Боогачы Жакыпбек уулу


