Lirik

Элесиң күйгөн шамдай, көңүлдө өчпөй
Ойгондум сен деп, сенин атыңды атап
Жаш тиккен, кош теректей жанаша өспөй
Экөөбүз эки жерде калдык жашап
Экөөбүз эки жерде калдык жашап
Мезгилде, өңү-түсү билинбеген
Салаадан чубургандай күндөр өтөт
Жаркыным ай, сак-саламат жүрсөң экен
Үмүтүм жайда, кышта турсун көктөп
Күн чыгат тоо артынан дайым эрте
Жаркыным күндөй, жаркып ойгондуң го
Сен менсиз кандай болуп калдың экен
Мен сенсиз, жүрөк сыздап ойлондум го
Мен сенсиз чач агартып ойлондум го
Мезгилде, өңү-түсү билинбеген
Салаадан чубургандай күндөр өтөт
Жаркыным ай, сак-саламат жүрсөң экен
Үмүтүм жайда, кышта турсун көктөп
Аз-аздан көнгөндүрсүң тагдырыңа
Турмуштун тартиби бар бурула алгыз
Мен да көндүм, баардыгына
Тирүүлүк бир жол экен көңүл калгыз
Мезгилде, өңү-түсү билинбеген
Салаадан чубургандай күндөр өтөт
Жаркыным ай, сак-саламат жүрсөң экен
Үмүтүм жайда, кышта турсун көктөп
Үмүтүм жайда, кышта турсун көктөп
Written by: Жамиля Муратова, Омор Султанов
instagramSharePathic_arrow_out

Loading...