Video musicale

Video musicale

Crediti

PERFORMING ARTISTS
Gulnur Satylganova
Gulnur Satylganova
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Gulnur Satylganova
Gulnur Satylganova
Songwriter

Testi

Өзүндү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.
Сыртындан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келээр бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктамагым.
Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.
Written by: Гульнур Сатылганова
instagramSharePathic_arrow_out

Loading...