Gulnur Satylganovaのトップソング
クレジット
PERFORMING ARTISTS
Gulnur Satylganova
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Gulnur Satylganova
Songwriter
歌詞
Тилектин баары тунук акак дебе
Тирелип көкүрөктө жатат дебе
Термелткен сенин күчүң болбогондо
Тез эле менин күнүм батат дебе
Күлгүн жаш күлкү менен өтөт дебе
Күлкүдөн күйүттү эзип кетет дебе
Кудурет сени буйруп койбогондо
Кусалык жүрөгүмдү эзет дебе
Күн болбой гүлдөр жайнап өсөт дебе
Жел болбой булут калкып көчөт дебе
Жылуулук сенден келип турбаганда
Жылдызым жыл айланбай өчөт кээде
Жылдызды көктөн түшпөс чырак дебе
Жылжыган арык көрсөң, булак дебе
Доорун сүрүп сени менен өткөнүмчө
Болду, мезгил токтолуп турат дебе
Written by: Гульнур Сатылганова