クレジット

PERFORMING ARTISTS
Caspermun
Caspermun
Background Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Нурсултан Мирланович Мирланов
Songwriter
PRODUCTION & ENGINEERING
Caspermun
Caspermun
Producer

歌詞

Учуп барам булут аралап, бүркүттөй таалага
Суу жегинде асманды карап, ойлорум жалгызда
Күн батып ай калат, билем болот бардыгы өз убагында
Керектүү малында

Күндөн күнгө бир ой жектеп
Караңгы түндөрдү эсептеп
Жүргөм адашып, туура жолун таппай
Бир өзүмө гана ишенгем
Күйүп оттой, жүрөгүмдөгүнү кылып
Эч коркпой, бир гана алдыга жылып
Мен токтобойм атылган октой
Ийгиликке карай жол берет акылым
Болоберет тоскол, жүрөгүңө дос бол
Канчалык кыйын болбосо да, бир да коркпо
Билимине ток бол, алдаганды токтот
Кыялданып жөн отурганына убакыт жок
Болоберет тоскол, коркпо
Жүрөгүңө өзүң дос бол, бекем коргоп
Билимиңе дайым ток бол, кыял тоспо
Баары өз убагында болорун бекит ойго
Колдорумду бириктирип тилейм ойлорумда
Бир жалгыз өзүмө гана
Жыгылгандан кийин, турган сөзсүз мүнөзүм бар
Берилип саптарыма
Учуп барам булут аралап, бүркүттөй таалага
Суу жегинде асманды карап, ойлорум жалгызда
Күн батып ай калат, билем болот бардыгы өз убагында
Керектүү малында
Учуп барам булут аралап, бүркүттөй таалага
Суу жегинде асманды карап, ойлорум жалгызда
Күн батып ай калат, билем болот бардыгы өз убагында
Керектүү малында
Түндө уктабай жетинчи терге чейин иштегеним эсимде
Мен биринчимин деп, баарына жетемин
Байкемин кийимин кийип
Шымымды каттуурак байлап
Жыртылган жерлерин тигип
Кыйындын баарын тың чыдап
Кылдаттык менен досторумду бирден тапкам
Жыгылып беремин керек болсо баарын таштап
Үй-бүлөмдүн үмүтүн бузбайын деп
Алыска коюлган кыял-тилегим, мени күткөн сапарга
Учуп барам булут аралап, бүркүттөй таалага
Суу жегинде асманды карап, ойлорум жалгызда
Күн батып ай калат, билем болот бардыгы өз убагында
Керектүү малында
Учуп барам булут аралап, бүркүттөй таалага
Суу жегинде асманды карап, ойлорум жалгызда
Күн батып ай калат, билем болот бардыгы өз убагында
Керектүү малында
Written by: Нурсултан Мирланович Мирланов
instagramSharePathic_arrow_out

Loading...