크레딧

실연 아티스트
Темир Назаров
리드 보컬
작곡 및 작사
Темир Назаров
작사가 겸 작곡가
프로덕션 및 엔지니어링
GMS music
GMS music
프로듀서

가사

Карасам сенин сүрөтүң
 Жылмайып мага күлөсүң
 Көрүнүп койсоң болбойбу
 Карындаш кайда жүрөсүң?
Оо, карындаш, карындаш
 Сеникиндей көздөр табылбас
 Көз карашың, өтүп баратат
 Оо, карындаш, карындаш
 
Жаштык кез жаңы кийимдей
Эскирсе калган кийилбей
Боз улан бойдон турбайсың сен
Бул жолуң өтөт билинбей
Аке деген сөзүңдөн айланайын
Акең болуш менин да самаганым
Ушул бойдон түбөлүк калсаң экен
Урмат-сыйды тартуулап
Урмат-сыйды тартуулап мага ар дайым
Э-э-й, түштүк кызы
Карындашым, садага
Карындашым, садага
Садагасы
Ат арытып алыстан келдик жеңелер
Башты ийип сизге салам бердик жеңелер
Такдыр кошуп эки жаштын бүгүн тоюнда
Биргелешип тоскула сыйлам десеңер
Ай жеңелер, айдай жеңелер
Ап апакай аппак шайып жеңелер
Ай жеңер, айдай жеңелер
Гүлдөй назик суудай тунук биздин жеңелер
            
Караңгы түндө калганыңда
Караңгылап адашканыңда
Кара короз кыйкырганга чейин
Караан болуп турсам эле сонун да
Кый-короз а кыйкырганга чейин
Кый-короз а кыйкырганга чейин
Мен сүйөмүн
Деле сен сүйбөйсүң
Дадагаң болуп эле кетейин
Мен сүйөмүн. Деле сен сүйбөйсүң
Да, да, Да, да, Да, да, о дадагаңа болуп эле кетейин
           
Чаткалдын тоосун ашканда мен
Чар булут каптап асманда
Чачымдан сылап ойготтуң сен
Чатырда уктап жатканда
Чатырда уктап жатканда мен
Жакшы эле көрөм
Жакшы эле көрөм
Жакшы эле көрөм өзүңдү
Карагаттай көзүңдөн, ай, Жамиля
Балдай ширин сөзүңдөн, Жамиля
Күндө сага келемин, ай, Жамиля
Сен карабай өтөсүң, ай, Жамиля
Жамиля, Жамиля
Жамиля, Жамиля
Жамиля, Жамиля
Жамиля, Жамиля
Бүгүн мына, бүгүн мына
Баш кошту эки жаш, сүйүшкөн эки жаш
Той тамаша, той тамаша
Көңүлдө сүйүү жаз
Элесте өмүр жаз
Келгиле дайыма, сүйүүнүн багына
Көңүлдөр калбастан
Куш Улар дайыма бакыттын шаңында сайрасын талбастан.
Оо,Оо
Written by: Темир Назаров
instagramSharePathic_arrow_out

Loading...