제공

크레딧

실연 아티스트
Guljigit Kalykov
Guljigit Kalykov
실연자
작곡 및 작사
Райхан Бейшеналиева
작곡가
Анатай Өмүрканов
송라이터

가사

Сен дегенде күн батпайт да, таң атпайт
Учкан куштай учкан жылдар санатпайт
Баш айланткан бактылуулук мас болуп
Ачыла элек барактарын барактайт
Ай да таңда жылдыздарын түгөлдөйт
Асыл ойлор арам ойду жүгөндөйт
Түгөнүшү мүмкүн ушул өмүрдүн
Бирок сага, бирок сага деген сүйүүм түгөнбөйт
Буюрбаган күчтөсөң да кабылбайт
Табылбаган издесең да табылбайт
Эмне үчүн экендигин билбеймин
Сени ойлосом жүрөк ырдайт, жан ырдайт
Ай да таңда жылдыздарын түгөлдөйт
Асыл ойлор арам ойду жүгөндөйт
Түгөнүшү мүмкүн ушул өмүрдүн
Бирок сага, бирок сага деген сүйүүм түгөнбөйт
Сен дегенде күн батпайт да, таң атпайт
Учкан куштай учкан жылдар санатпайт
Баш айланткан бактылуулук мас болуп
Ачыла элек барактарын барактайт
Ай да таңда жылдыздарын түгөлдөйт
Асыл ойлор арам ойду жүгөндөйт
Түгөнүшү мүмкүн ушул өмүрдүн
Бирок сага, бирок сага деген сүйүүм түгөнбөйт
Ай да таңда жылдыздарын түгөлдөйт
Асыл ойлор арам ойду жүгөндөйт
Түгөнүшү мүмкүн ушул өмүрдүн
Бирок сага, бирок сага деген сүйүүм түгөнбөйт
Бирок сага, бирок сага деген сүйүүм түгөнбөйт
Written by: Анатай Өмүрканов, Райхан Бейшеналиева
instagramSharePathic_arrow_out