가사
Кыялбаймын сени кыя албайм
Сага гана арбалам
Жүрөгүмдө болгон арзууну
Бир өзүңө байлагам
Карагаттай кара көзүңдөн
Айланам го айланам
Жаным сага арналам
И-и-и, и-и-и
Кыялдагы бийик арзууларга
Сени менен бирге барайын
Махабатым менин өзүң гана
Жүрөгүмө жакын адамым
Мөлтүрөгөн тунук көздөрүңө
Карай бергим келет каралдым
Жан дүйнөмө жакын адамым
И-и-и, и-и-и
Аярлаймын сени аярлайм
Сендей жанды табалбайм
Көөдөнүмө толгон сезимди
Сага жаным баяндайм
Бал татыган ширин сөзүңдөн
Садагам ой садагам
Жаным сени кыялбайм
И-и-и, и-и-и
Кыялдагы бийик арзууларга
Сени менен бирге барайын
Махабатым менин өзүң гана
Жүрөгүмө жакын адамым
Мөлтүрөгөн тунук көздөрүңө
Карай бергим келет каралдым
Жан дүйнөмө жакын адамым
И-и-и, и-и-и
Written by: Кубанычбек Экашев, Өктөм Сапар уулу