Gulzhigit Satybekov의 상위 곡
유사한 곡
크레딧
실연 아티스트
Gulzhigit Satybekov
리드 보컬
작곡 및 작사
Gulzhigit Satybekov
송라이터
프로덕션 및 엔지니어링
GMS music
프로듀서
가사
Бак тиктик, дарактар да куурап калды
Тамыры сууга жетпей кургап калды
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи
Бактымды бир өзүңө байлаганча
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи
Мен сенден кетким келди, кетейинчи
Баарын ал, каалаганың берейинчи
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи
Көңүлгө бир муздактык уюп алды
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи
Бактымды бир өзүңө байлаганча
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи
Мен сенден кетким келди, кетейинчи
Баарын ал, каалаганың берейинчи
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи
Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды
Тумчугам кучагыңда түндөр узун
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи
Бактымды бир өзүңө байлаганча
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи
Мен сенден кетким келди, кетейинчи
Баарын ал, каалаганың берейинчи
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи
Written by: Gulzhigit Satybekov