Токтобек Асаналиев의 상위 곡
크레딧
실연 아티스트
Токтобек Асаналиев
실연자
작곡 및 작사
Эльмирбек Иманалиев
작곡가
Зайырбек Ажыматов
송라이터
가사
Жалганып сезим күйбөстөн
Жанаша бастык сүйлөшпөй
Көнөктөйт жамгыр ансайын
Төгүлүп бизге үндөшпөй
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы сенин кыйбаарың?
Булутту карап калкыган
Буркурап, буркурап эй
Буркурап неге ыйладың?
Сооротор сөздү таба албай
Соңуңдан ээрчип барам жай
Суу болуп бүткөн боюбуз
Куюлат, эй, нөшөр аянбай
Боздотуп жүрөк кылдарын
Бошотуп мени кыйнадың
Шоокумуң коштоп жамгырдын
Шолоктоп, шолоктоп ай
Шолоктоп неге ыйладың?
Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Боздотуп жүрөк кылдарын
Бошотуп мени кыйнадың
Шоокумуң коштоп жамгырдын
Шолоктоп, шолоктоп ай
Шолоктоп неге ыйладың?
Шоокумуң коштоп жамгырдын
Шолоктоп, шолоктоп ай
Шолоктоп неге ыйладың?
Written by: Зайырбек Ажыматов, Эльмирбек Иманалиев