Нурлан Насип의 상위 곡
유사한 곡
크레딧
실연 아티스트
Нурлан Насип
실연자
작곡 및 작사
Нурлан Насип
송라이터
가사
Көздөрү - көлдүн бермети
Кылгырып караганың
Кымбатым, самаганым
Жымыңдаган көз карашың
Кыялдарга терметти
Оюмдан кетпеди неге
Жомокто ханыша беле?
Сыйкыры арбады
Сыр болуп калганы
Жүрөктө кадалды жебе
Сезимди арнап беремин
Сездирбей, бирок келемин
Айта албайм, айта албайм
Айта албайм анын себебин
Ийилген белиң, билегиң
Имерип алды илебиң
Жүрөктү, жүрөктү
Жүрөктү неге эзесиң?
Эсимден кетпейт элесиң
Эңсетип дайым келесиң
Күн болуп көрүнүп
Нуруна төгүлүп
Муздай тоңгон жүрөгүмө
Муза болуп бересиң
Карабай башканын баарын
Карады, жүрөктө жалын
Кылыктуу каш кагып
Сезимге баш багып
Сүйдүрүп алдыңбы, жаным?
Сезимди арнап беремин
Сездирбей, бирок келемин
Айта албайм, айта албайм
Айта албайм анын себебин
Ийилген белиң, билегиң
Имерип алды илебиң
Жүрөктү, жүрөктү
Жүрөктү неге эзесиң?
Сезимди арнап беремин
Сездирбей, бирок келемин
Айта албайм, айта албайм
Айта албайм анын себебин
Ийилген белиң, билегиң
Имерип алды илебиң
Айттырбай,айттырбай
Айттырбай качан сезесиң
Written by: Нурлан Насип