Токтобек Асаналиев의 상위 곡
크레딧
실연 아티스트
Токтобек Асаналиев
실연자
작곡 및 작사
Эльмирбек Иманалиев
작곡가
Зайырбек Ажыматов
송라이터
가사
Жалганып сезим күйбөстөн
Жанаша бастык сүйлөшпөй
Көнөктөйт жамгыр ансайын
Көңүлү бизге үндөшпөй
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы айтчы, кыйбаарың?
Булутуң тарап калкыган
Буркурап, буркурап
Буркурап неге ыйладың?
Сооротор сөздү таба албай
Соңуңдан ээрчип барам жай
Суу болуп бүткөн боюбуз
Куюлат, эй, нөшөр аянбай
Боздотуп жүрөк кылдарын
Бошотуп мени кыйнадың
Шоокумуң коштоп жамгырды
Шолоктоп, шолоктоп
Шолоктоп неге ыйладың?
Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы турмуш тизмеги?
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы айтчы, кыйбаарың?
Булутуң тарап калкыган
Буркурап, буркурап
Буркурап неге ыйладың?
Шоокумуң коштоп жамгырды
Шолоктоп, шолоктоп
Шолоктоп неге ыйладың?
Written by: Зайырбек Ажыматов, Эльмирбек Иманалиев