뮤직 비디오

제공

크레딧

실연 아티스트
Шерзат Иминакун
실연자
작곡 및 작사
Чыңгыз Турдубеков
송라이터

가사

Табышмак сансыз ойлоном
Тагдырым кандай жолдогон
Түбү кең бүтпөс сырым көп
Талыкпай үнсүз боздогон
Тынымсыз сызып өзүң деп
Тызылдап неге толгоном
Сүйүүмдүн сүзгөн деңизи
Жалгыз сен түбү негизи
Ааламда арзуум өзүңсүң
Менчелик эчким сүйө албас сени
Жалгандын чексиз дастаны
Жарыктын жанган чырагы
Жаралган ушул дүйнөдө
Жаралуу сүйүү баяны
Жалгызым ошол өзүңсүң
Жашоомдун тунук булагы
Сүйүүмдүн сүзгөн деңизи
Жалгыз сен түбү негизи
Ааламда арзуум өзүңсүң
Менчелик эчким сүйө албас сени
Сүйүүмдүн сүзгөн деңизи
Жалгыз сен түбү негизи
Ааламда арзуум өзүңсүң
Менчелик эчким сүйө албас сени
Written by: Чыңгыз Турдубеков
instagramSharePathic_arrow_out