제공

크레딧

실연 아티스트
Токтобек Асаналиев
실연자
Алтынай Нарбаева
실연자
작곡 및 작사
Жолдошбек Мамажанов
송라이터

가사

Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим
Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим
Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим
Асылкечим, ошол мага туу болду
Жүрөккө дем, көңүлгө ынак гүл болду
Доорун сүйүп, элин мактап жактырар
Көлдө сүзгөн аппак, чүрөк куу болду
Доорун сүйүп, элин мактап жактырар
Көлдө сүзгөн аппак, чүрөк куу болду
Эгер мени кайгы булут каптаса
Ачык бойдон, ачык асман, таптаза
Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип
Өмүр чеги өрдү көздөй акпаса
Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип
Өмүр чеги өрдү көздөй акпаса
Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим
Эмнегедир көңүл көксөп өмүрдө
Сан гүлдөрдөн сени гана издедим
Эмнегедир көңүл көксөп өмүрдө
Сан гүлдөрдөн сени гана издедим
Сан гүлдөрдөн сени гана издедим
Written by: Жолдошбек Мамажанов
instagramSharePathic_arrow_out