크레딧

실연 아티스트
Qanysh
Qanysh
실연자
작곡 및 작사
Chyngyz Aliev
Chyngyz Aliev
가사

가사

Жүрөгүмдүн бүгүн майрам гүлү сен
Көздөрүң бир башкача жымыңдап жылдыздай
Каалоо тилек куттуктоонун бүгүн ээси сен
Көңүлүң ачык болсун ушул арноо ырыбыздай
Толкун арасында аккуу сымал бел ийип
Көл үстүндө ак чардактай бийге берилип
Жан дүйнөмдө саратан жай жылуу дем берип
Айтаар элем сага тилегим
Кут болсун, сенин күнүң!
Кут болсун, сенин күнүң!
Кааларым ден соолук, узун өмүр, бакыт таалай, дагы
Алдыңды мал бассын, артыңды балдарың бассың, дагы
Небере, чөбөрө, тапичкелер толо босогосу
Төргө өтүп бак дөөлөт, тынччылык, тойлор токбосун
Кармашкан кол үзүлбөсүн, элүү жаш дагы элүүнү көрсүн
Куш бооңор бешик боо түйсүн, бешик боо бекем түйүлсүн
Туугандар, төркүнүң, кайын, тайың, кошунаны унутпайың
Дасторкон жайылып, тойлор болсун дайым
Тарара рии рара
Тарара рии рара
Тарара рии рара
Кут болсун сенин күнүң!
Тарара рии рара
Тарара рии рара
Тарара рии рара
Лала лаллала
Кечки саат алты жарым, эл чогула элек
Сол жакта жылуу тилек, оң жакта конверт
Кийилип артис көйнөк, танцы тебилет
Себеби бүгүн майрам, себеби арноо концерт
Толкун арасында аккуу сымал бел ийип
Көл үстүндө ак чардактай бийге берилип
Жан дүйнөмдө саратан жай жылуу дем берип
Айтаар элем сага тилегим
Кут болсун, сенин күнүң!
Кут болсун, сенин күнүң!
Кааларым ден соолук, узун өмүр, бакыт таалай, дагы
Алдыңды мал бассын, артыңды балдарың бассың, дагы
Небере, чөбөрө, тапочкалар толо босогосу
Төргө өтүп бак дөөлөт, тынччылык, тойлор токбосун
Кармашкан кол үзүлбөсүн, элүү жаш дагы элүүнү көрсүн
Куш бооңор бешик боо түйсүн, бешик боо бекем түйүлсүн
Туугандар, төркүнүң, кайын, тайың, кошунаны унутпайың
Дасторкон жайылып, тойлор болсун дайым
Тарара рии рара
Тарара рии рара
Тарара рии рара
Кут болсун сенин күнүң!
Тарара рии рара
Тарара рии рара
Тарара рии рара
Лала лаллала
Written by: Chyngyz Aliev
instagramSharePathic_arrow_out

Loading...