Vídeo da música
Vídeo da música
Créditos
INTERPRETAÇÃO
Нурмат Садыров
Interpretação
COMPOSIÇÃO E LETRA
Мухтар Атаналиев
Composição
Letra
Каадалана карайсың
Кадамыңды санайсың
Биле албаймын ичим чок
Сен эмнени каалайсың?
Деги эмнени самайсың?
Шыңгыр, шыңгыр угулат
Кулагыма күлкүсү
Төө-Ашуудан ашканда
Тосуп чыгат Чүй кызы
Эх, Чүй кызы, Чүй кызы
Шыңгыр тунук күлкүсү
Төө-Ашуудан ашканда
Тосуп чыгат Чүй кызы
От коёсуң сезимге
Суктанамын өзүмчө
Багынтасың, бар беле
Сыйкыр сенин көзүңдө
Сыйкыр сенин сөзүңдө
Шыңгыр, шыңгыр угулат
Кулагыма күлкүсү
Төө-Ашуудан ашканда
Тосуп чыгат Чүй кызы
Эх, Чүй кызы, Чүй кызы
Шыңгыр тунук күлкүсү
Төө-Ашуудан ашканда
Тосуп чыгат Чүй кызы
Жааса жамгыр жашка окшош
Суу бойлосоң сууга окшош
Келбетиңе мен кумар
Көлдөгү ак-кууга окшош
Көлдөгү ак-кууга окшош
Шыңгыр, шыңгыр угулат
Кулагыма күлкүсү
Төө-Ашуудан ашканда
Тосуп чыгат Чүй кызы
Эх, Чүй кызы, Чүй кызы
Шыңгыр тунук күлкүсү
Төө-Ашуудан ашканда
Тосуп чыгат Чүй кызы
Төө-Ашуудан ашканда
Тосуп чыгат Чүй кызы
Written by: Мухтар Атаналиев