Лучшие песни Мирбек Атабеков
Похожие песни
Создатели
ИСПОЛНИТЕЛИ
Мирбек Атабеков
Исполнитель
МУЗЫКА И СЛОВА
Мирбек Атабеков
Автор песен
Акбар Кубанычбеков
Композитор
Слова
Бул жашоодо таза жолду танда
Мүмкүнчүлүк келет ар бир жанга
Өзүм дебей бул өмүрдө күйүп
Эмгегиңди элиң үчүн арна
Жалкоо болбой кайрат, күчүң барда
Чоң жарышта сапарыңдан калба
Жашоодогу жеңиш ошол экен
Пайдаң гана тийсе ар бир жанга
(Ооой) Өкүнбөйлү өткөн ишке кайра
(Ооой) Кур дүйнөгө берилип байланба
(Ооой) Атың өчпөй, жашап кылымдарга
(Ооой) Баштаган жолуңдан эч тайманба!
Из калтыргын жүрөктө нур барда!
Жарык болуп күн нурундай тийсең
Жан дилиңден бул жашоону сүйсөң
Жалп деп анан өчкөн өңдүү жалын
Бул учурлар кайрылбаган ирмем
Өзгөртөсүң келечекти бир сен
Өзөгүсүң жаңы күндүн билсең
Адамдарга үлгү болуп дайым
Жашагысы келгендей сен жүрсөң!
(Ооой) Өкүнбөйлү өткөн ишке кайра
(Ооой) Кур дүйнөгө берилип байланба
(Ооой) Атың өчпөй, жашап кылымдарга
(Ооой) Баштаган жолуңдан эч тайманба!
Из калтыргын жүрөктө нур барда!
(Ооой) Өкүнбөйлү өткөн ишке кайра
(Ооой) Кур дүйнөгө берилип байланба
(Ооой) Атың өчпөй, жашап кылымдарга
(Ооой) Баштаган жолуңдан эч тайманба!
Из калтыргын жүрөктө нур барда!
Written by: Акбар Кубанычбеков, Мирбек Атабеков